Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:18

Орусиялык укук коргоочулар көз карандысыз кеңеш түзөт


Бул кеңеш өлкөдөгү адамдардын укугун бузган учурларды аныктап турат. Москвадагы Хельсинки тобунун төрайымы, 85 жаштагы белгилүү активист Людмила Алексееванын айтымында, кеңеш Орусиядагы адам укугун бузгандардын тизмесин түзүп чыгат. Укук коргоочулардын пикиринде, бул тизме “Магнитский боюнча актка” ылайык адам укуктарын бузуучуларды аныктап, аларды жазалоого жардам берет. “Магнитский боюнча акт” – Орусияда түрмөдө жатып каза болгон юрист Сергей Магнитскийдин өлүмүнө тиешеси бар делген орусиялык аткаминерлерге финансылык жана АКШнын аймагына кирүүгө чектөө койгон мыйзам. Бул мыйзамды өткөн апталарда АКШ Конгресси кабыл алган. Мыйзамдын кабыл алынышы Орусияда нааразылыктарга жол ачкан.

XS
SM
MD
LG