Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:51

АКШ Кыргызстанга 5 млн. долларлык медициналык жардам көрсөтөт


Эртең 19-декабрда АКШ өкмөтү америкалык «Прожект Хоуп» кайрымдуулук уюму аркылуу жалпы суммасы 5 млн. доллардан ашуун өлчөмдөгү гуманитардык жардамды Бишкек шаарынын, Чүй, Ош, Баткен, Нарын, Талас жана Ысык-Көл областтарынын медицина тармагындагы мекемелерине, ошондой эле Социалдык өнүгүү министрлигинин мекемелерине жеткирмекчи.

Гуманитардык жардам АКШ мамлекеттик департаментинин «Үмүт операциясы» программасынын алкагында Abbot, Alcon, Allergan,Bristol-Myers, Squibb, GlaxoSmithKline, Hospira, Kendall, Merck, Pfizer, TEVA сыяктуу дүйнөгө белгилүү фармацевтикалык компаниялар тарабынан өндүрүлгөн медицина каражаттарынан, ортопеддик буюмдардан, дары-дармек, санитардык-гигиеналык жана атайын жылып жүрүү каражаттары сыяктуу буюм-тайымдардан турат. Аталган гумнитардык жардамдын негизинде 41 миң оорулуу адам дары-дармек жана медициналык буюмдар түрүндө сапаттуу жардам ала алышат. Жүрөк-кан тамыры, онкологиялык оорулар, кант диабети жана глаукома оорусу менен жабыркагандар акысыз дарыланышат.

Бул дары-дармектер жана жабдыктар Саламаттыкты сактоо жана Социалдык өнүгүү министрликтери менен макулдашылып, медициналык жана социалдык мекемелердин суроо-талаптарына ылайык бөлүштүрүлөт.

XS
SM
MD
LG