Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:44

Дүйнө калкынын диний бөлүнүшү боюнча жаңы иликтөө жарыяланды


Вашингтондогу Пью иликтөө борборунун жаңы баяндамасына караганда, дүйнө калкынын үчтөн бирине жакыны же 2,2 миллиарды өзүн христиан деп эсептейт экен. Андан кийинки орунда мусулмандар турат. Ислам динин кармангандардын саны дүйнөдө азыр 1, 6 миллиард.

Иликтөө ошондой эле өзүн кайсы бир динге байланыштырбагандар 1,1 миллиард адамды түзөрүн көргөзгөн. Алардын 700 миллионго жакыны Кытайда жашайт. Мындан сырткары дүйнөдө 1 миллиард индус, 500 миллион буддист, 14 миллион жөөт бар.

Дүйнө калкынын 58 миллиону же 1 пайызга жетпегени бахаизм, даосизм өңдүү майда диндин жолун жолдоочулар.

Пью борборунун иликтөөсүндө камтылган маалыматтар 2010-жылы 230 мамлекеттен жыйналган. (UE)

XS
SM
MD
LG