Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:58

Энергетика министри газ боюнча сүйлөшүү үчүн Казакстанга барат


Министр Автандил Калмамбетов газ боюнча сүйлөшүү үчүн Астанага бүгүн түндөп бараарын Жогорку Кеңеш комитетинин газ, свет менен камсыздоодогу көйгөйлөрдү талкуулаган отурумунда белгилүү болду.

Ал белгилегендей, Кыргызстан газ жагынан азыр Өзбекстанга гана эмес Казакстанга да көз каранды болуп турат.

Кыргызстандын түндүгү өзбек газын учурда Казакстан менен түзүлгөн келишимдин негизинде 1000 кубметрин 224 доллардан алат.

Өткөн апта соңунан тарта казак тарап, Кыргызстанга саатына берилген газ көлөмүн эки эсе, 28 миң куб метрге чейин азайтып, муну өзбек тараптан газ аз келип жатканы менен түшүргөн.

“Кыргызгаздын” маалыматына караганда, борбордо эле 39 миң абонент көгүлтүр отсуз калды.

Газ тартыштыгынан улам электр энергиясын керектөө үч эсеге чейин өсүп, авариялык өчүрүүлөр көбөйүүдө.

Бул аралыкта акыркы эки күндө Бишкек жана Чүй облусунун аймагында катуу сууктан 8 адам каза тапкан.

ИИМдин маалыматына караганда, алардын баары үй-жайсыздар. (UE)

XS
SM
MD
LG