Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:30

Казакстан газдын өлчөмүн көбөйтүүгө макул болду


Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлагандай, мындай жыйынтыкка бүгүн кечинде өкмөт башчы Жантөрө Сатылбалдиев Казакстандын премьер-министри Серик Ахметов менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө жетишти. Ага ылайык, Кыргызстанга газ жеткирчү “КазТрансГаз” ишканасы эртеңден тарта зарыл көлөмдө газ берүүгө макул болгон.

Ага чейин энергетика министр Автандил Калмамбетов газ боюнча сүйлөшүү үчүн Астанага бүгүн түнү жөнөп кетээрин Жогорку Кеңеште билдирген болчу.

Өткөн апта соңунан тарта казак тарап Кыргызстанга саатына берилген газ көлөмүн эки эсеге, 28 миң куб метрге чейин азайтып, муну өзбек тараптан газ аз келип жатканы менен түшүндүргөн.

“Кыргызгаздын” маалыматына караганда, борбордо эле 39 миң абонент көгүлтүр отсуз калды. Газ тартыштыгынан улам электр энергиясын керектөө үч эсеге чейин өсүп, авариялык өчүрүүлөр көбөйгөн.(BkA)

XS
SM
MD
LG