Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:26

АКШдагы ири инвестициялык компания курал өндүргөн ишканадагы үлүшүн сатат


Cerberus Capital Management инвестициялык корунун жарыясына караганда, ал өткөн аптада Коннектикут штатынын Ньютаун шаарындагы мектеп окуучуларын атууда колдонулган мылтыкты өндүргөн компаниядагы үлүшүн сатат.

Жыйырма окуучу менен алты мугалимдин мектепте атып өлтүрүлүшү АКШда курал алып жүрүүнү көзөмөлдөө боюнча улуттук талкууларды жаратты.

Cerberus Capital Management - дүйнөдөгү эң ири инвестициялык фонд. Анын башкаруусунда 20 миллиард доллардык актив бар.

Фонддун айтымында, курал жасоочу Freedom Group (Фридом Груп) компаниясындагы үлүштү сатуудан түшкөн каражат инвесторлорго кайтарылып берилет. (UE)

XS
SM
MD
LG