Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:27

Өкмөт газ тартыштыгы жоюлганын жарыялады


Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлагандай, Казакстан Кыргызстанга берчү газ өлчөмүн көбөйтүүгө макул болду. Мындай жыйынтыкка 18-декабр кечинде өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев Казакстандын премьер-министри Серик Ахметов менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө жетишилди. Ага ылайык, “КазТрансГаз” ишканасы бүгүнтөн тарта зарыл көлөмдөгү газды бере баштайт.

Өткөн апта соңунан тарта казак тарап Кыргызстанга саатына берилген газ көлөмүн эки эсеге чейин азайтып, муну өзбек тараптан газ аз келип жатканы менен түшүндүргөн. “Кыргызгаздын” маалыматына караганда, борбордо эле 39 миң абонент көгүлтүр отсуз калды.

Газ тартыштыгынан улам электр энергиясын керектөө үч эсеге чейин өсүп, авариялык өчүрүүлөр көбөйдү. (BkA)

XS
SM
MD
LG