Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:22

Бишкекте газ бүгүнтөдөн тарта бериле баштайт


Бул тууралуу “Азаттыкка” Бишкек шаардык газ чарба башкармалыгынын жетекчиси Таалайбек Далбаев билдирди. Анын айтымында, бүгүн өлкөнүн түндүгүнө нормага ылайык саатына 50 миң куб метр газ келе баштайт. Азыр шаар боюнча жүздөн ашуун газ бөлүштүрүүчү система өчүрүлгөн. Эми аларды кайра туташтыруу башталат. Далбаев туташтыруу иштери татаалыраак болгондуктан 3-4 күн убакытты алаарын, эң ириде газы менен кошо электр жарыгы жок отурган райондорду, көп кабаттуу үйлөрдү кошуу башталаарын кошумчалады.

Кыргыз өкмөтү Казакстан Кыргызстанга берчү газ өлчөмүн көбөйтүүгө макул болгонун кабарлаган.

Казакстандан келген газдын басымы эки эсе азайып кеткендиктен Бишкекте жана анын жака-белинде жер тамдарга газ берүү 14-декабрдан тарта токтогон болчу. "Кыргызгаздын” маалыматына караганда, борбордо эле жалпысынан 39 миң абонент көгүлтүр отсуз калды. Мунун айынан электр энергиясын пайдалануу үч эсе өсүп, авариялык өчүрүүлөр көбөйгөн. (EBM)

XS
SM
MD
LG