Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:45

Коалиция: элдин көбү шайлоо тазараак өтүп калганына ишенет


“Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы жарандардын шайлоого катышуу деңгээлин аныктап, добуш берүүнүн жыйынтыгына болгон ишенимди баалоо үчүн сурамжылоо өткөрдү. Натыйжада элдин 70 пайызы мурдагыга караганда азыр шайлоо ачыгыраак жана тазараак өтүп калды деп эсептей турганы аныкталды. Ошол эле учурда орто жашка барып калган муунга караганда жаштар добуш берүүнүн жыйынтыгына азыраак ишенээри белгилүү болду.

Аталган бейөкмөт уюмдан билдиришкендей, сурамжылоо 10-13-декабрь күндөрү жети облуста жана Бишкек менен Ош шаарларында жүргүзүлгөн. (EBM)

XS
SM
MD
LG