Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:10

Ош: окуучуларды каникулга эрте чыгарууга негиз жок


Ош шаарында мектеп окуучуларын белгиленген мөөнөтүнөн мурда каникулга чыгарууга негиз жок. Бул тууралуу шаар башчысы Мелис Мырзакматов бүгүн жаңы жылга даярдык боюнча өткөрүлгөн жыйында айтканын мэриянын басма сөз кызматы «Азаттыкка» билдирди.

Калаа башчысынын айтымында, учурда Оштогу мектептерге берилип жаткан газ, электр жарыгы жана жылытуу тармагында чекилик жок болгондугуна байланыштуу окууну токтотууга зарылчылык жок.

Бүгүн Билим берүү министрлигининен аба ырайына байланыштуу мектептер 24-декабрдан тарта каникулга чыгат деп билдиришкен болчу. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG