Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:22

Пак Кын Хе - Түштүк Кореянын биринчи аял президенти


Бюллетендердин 90 проценти саналгандан кийин башкаруучу "Сэнури" консервативдик партиясынын төрайымы Пак Кын Хе добуштардын теңинен көбүн алганы айкын болду. Оппозициячыл Бириккен демократтык партиянын талапкери Мун Чжэ Ин президенттик шайлоодо жеңилгенин мойнуна алды.

Пак Кын Хе айым 60 жашта. Ал Түштүк Кореяны 1961-79-жылдары “темирдей чеңгелинде” кармаган диктатор Пак Чон Хинин кызы.

Шайлоо өнөктүгү учурунда эки талапкер тең Түштүк Корея менен коммунистик Түндүк Кореянын мамилесин жакшыртканга көп көңүл бурушту. Бийликтен кетип жаткан президент Ли Мён Бак Түндүк Корея менен алака күтүүдө катуу позицияны карманган.

XS
SM
MD
LG