Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:54

БУУнун коопсуздук кеңеши Израилди кайрадан сындады


Улуттар уюмунун коопсуздук кеңеши Израилдин Батыш жээктеги Палестинанын аймагы деп эсептеген жерлерге жаңы конуштарды куруу планын сындаган билдирүү таратты. Бул билдирүүгө БУУнун коопсуздук кеңешинин Орусия, Кытай, Улуу Британия жана Франция баштаган туруктуу мүчөлөрү жана бир нече байкоочу өлкө кол койгон. Туруктуу мүчөлөрдөн АКШ бул билдирүүгө кошулган жок. Бирок андан мурун Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаменти Израилдин жаңы конуштарды куруу пландарын сындап, “чагымчыл аракет” деп баалаган.

Изралдин БУУдагы элчиси Рон Просор мындай айыптоолорду четке кагып, Палестинаны бул маселе боюнча тынчтык сүйлөшүүлөргө чакырды.

Ноябрда БУУда Палестин бийликтеринин макамы жогорулатылгандан кийин Израил Батыш жээктеги басылып алынган жерлерде он миңдеген жаңы үйлөрдү кураарын жарыялаган.

XS
SM
MD
LG