Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:06

Жапаровдун иши боюнча депутаттык комиссия бүтүмүн чыгарды


Бул тууралуу "Азаттыкка" аталган комиссиянын төрагасы Нурбек Мурашев билдирди. Анын айтымында, комиссиянын көпчүлүк мүчөлөрү кылмыш ишти изилдеп, Башкы прокуратуранын Жапаровдон кол тийбестикти алуу боюнча өтүнүчүн четке кагышты. Бирок мындай бүтүмгө комиссияга КСДП жана «Ата Мекен» фракцияларынан кирген депутаттар макул болушкан эмес. Эми депутаттык комиссиянын бүтүмү Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында жарыяланып, талкууланат.

Башкы прокуратура «Ата-Журт» фракциясынын депутаты Садыр Жапаровго сентябрь айында кылмыш иши козгогон. Жапаров мамлекеттик мүлктү мыйзамсыз саткан деп айыпталган депутат Туратбек Мадылбековдун уулу Элдар Мадылбековго кол кабыш кылып, Бишкектеги имаратты мыйзамсыз сатып алган шектелип жатат. Садыр Жапаров бул күнөөнү четке кагып келет.(BkA)

XS
SM
MD
LG