Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:27

Ирактын президенти Германиядан дарыланат


Дүйшөмбүдө жүрөгү кармап ооруканага түшкөн Ирактын президенти Жалал Талабани дарылануусун Германиядан улантат. Талабани дарыланып жаткан Багдаддагы ооруканадагы дарыгерлердин билдиришинче, Ирак президенти бүгүн кечке чейин Германияга жеткирилиши мүмкүн.

79 жаштагы Жалал Талабани ооруканга дүйшөмбү күнү кечинде түшкөн. Ирактын мамлекеттик сыналгысы менен айрым чиновниктер президенттин инсульт алганын кабарлашкан. Бирок Талабани жана аны абалына көз салган дарыгерлер муну тастыкташкан жок.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG