Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Төрөбай Зулпукаров ажылык сапарды уюштуруу ишин муфтияттан алып, мамлекеттик органдарга берүүнү сунуштады. Эл өкүлү соңку эки жылда ажылык боюнча муфтиятта карама-каршылыктар болуп жатканын жүйөө кармады. Мындан улам депутат ажылык сапарды уюштуруу укугун берген мыйзамды кайра кароо зарылдыгын белгиледи.
2010-жылы ажылык сапарды Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия уюштурган. Ал жылы бир катар коррупциялык аракеттер аныкталган болчу. (KKs)
2010-жылы ажылык сапарды Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия уюштурган. Ал жылы бир катар коррупциялык аракеттер аныкталган болчу. (KKs)