Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:49

Кыргызстан Өзбекстанга газ карызын төлөдү


Кыргызстан газ боюнча Өзбекстанга болгон 200 миң доллар карызын төлөдү. Бул тууралуу “Кыргызгаз” мамлекеттик ишканасынын жетекчи орун басары Куралбек Наскеев “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, өлкө ичиндеги мамлекеттик ишканалар карыздарын кайтарып бере баштады. Жакын арада Казакстанга болгон бересенин басымдуу бөлүгүнөн кутулуу мерчемделип жатат. Кыргызстандын Казакстанга 3,5 миллион долларга чейин газ карызы бар.

Кечээ Бишкектеги 49 миңдей кардардын 17 миңине газ бериле баштады. Казакстандан белгиленген көлөмдө, саатына 50 миң куб метр көгүлтүр от келип жатат. (KKs)
XS
SM
MD
LG