Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:41

Грузияда мурдагы эки министр камалды


Коррупция боюнча иликтөөлөрдүн алкагында камакка алынган акыркы алты кишинин экөө - мурдагы энергетика министри Александр Хетагури жана билим берүү, юстиция боюча мурдагы министр Ника Гварамия.

Грузиянын Каржы министрлигинин билдиргенине караганда, мурдагы өкмөт мүчөлөрү 1 миллиондой долларды мыйзамсыз которушканы жана башка укук бузуулары үчүн шектелип, кармалышты.

Бул окуя бийликке октябрдагы шайлоодон кийин азыркы премьер-министр Бидзина Иванишвили келгенден бери мурдагы расмий өкүлдөрдү камакка алуулардын кезектегиси болду.

Президент Михаил Саакашвили соңку камоону айыптап, коюлуп жаткан айтыптарды “толугу менен жасалма” деп атады, “мыйзамсыздыктар” тууралуу эскертти. (UE)

XS
SM
MD
LG