Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:16

Египетте мурдагы президентти рентгенге түшүрүштү


Мубарак Каирдин сотунда. 2-июнь, 2012-жыл.
Мубарак Каирдин сотунда. 2-июнь, 2012-жыл.
Өлкөнүн ички иштер министринин орун басары генерал Мохаммед Ибрагимдин билдиргенине караганда, Хосни Мубарак башкы аскерий ооруканада рентгенге тартылгандан кийин кайра Каирдин Тора түрмөсүнө жөнөтүлдү.

Кабарларга караганда, 84 жаштагы Мубарак түрмөнүн жууна турган жайында тайгаланып, жыгылып кеткен.

Ал өзүн бийликтен кулаткан былтыркы толкундоо учурунда жүздөгөн демонстранттардын коопсуздук күчтөрүнүн огунан мерт болушун токтото албаганы үчүн быйыл июнда өмүр бою түрмөгө кесилген.

Былтыр февралда бийликтен кетүүгө мажбур болгонго чейин Мубарак Египетти 30 жылдан ашуун мезгил башкарган. (UE)

XS
SM
MD
LG