Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:37

Ирактын президенти Германияда дарыланат


Кабарларга караганда, 79 жаштагы Жалал Талабани Берлиндеги ооруканада дарыланат.

Ирактын тышкы иштер министри Хошияр Зебаринин “Ассошейтед Пресс” агенттигине айтканына караганда, дарыгерлер Талабани абдан “олуттуу инсультка” кабылганын аныкташты, азыр саламаттыгында оңолуунун белгилери бар.

Президенттин басма сөз катчысынын айтымында, президент дене-башын бир аз кыймылдатып, жаңсаганы менен али сүйлөй албайт.

Ирактын президенти ооруканага ушул дүйшөмбү күнү кечинде инсульт алгандан кийин түшкөн.

Жалал Талабани - Ирактагы күрд азчылыгынан чыккан ардагер саясатчы жана өлкөнүн араб эмес алгачкы презинденти.

Ал мамлекет башчылыгына 2005-жылы келген. Бирок Ирактын Баш мыйзамы боюнча негизги бийлик премьер-министр баштаган өкмөттүн колунда. (UE)

XS
SM
MD
LG