Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:03

Ооган президенти британ аскерлеринин чыгарылышын кубаттады


Хамид Карзайдын кеңсеси кечээ тараткан билдирүүдө британ тараптын чечими “өз убагында кабыл алынды” деп бааланып, "ооган улуттук күчтөрү коопсуздукту сактоого жана өлкөнү коргоого даяр” экендиги айтылган.

Британ премьер-министри Дэвид Камерон келерки жылы анын өлкөсү Ооганстандагы 9000 жоокеринин жарымына жакынын чыгарып кетерин мурдагы күнү жарыялаган болчу. Анын айтымында, Британия келерки жылдын аягына чейин Ооганстандан 3800 аскерин алып кетет.

2001-жылдын соңунда Ооганстанга киргизилгенден бери Британия 438 аскерин жоготту.

Буга чейин жарыяланган стратегияга ылайык, АКШ баштаган НАТО күчтөрү Ооганстандан 2014-жылдын аягына чейин кетет.

НАТОго мүчө өлкөлөрдөн Франция Ооганстандан аскерий операцияларга тартылган аскерлерин быйыл эле чыгарып, бул ишти жакында аяктады. (UE)

XS
SM
MD
LG