Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:08

Пакистанда диниятчылар эмдөөчүлөрдү өлтүргөндөрдү айыпташты


Таасирдүү диниятчылар өлкөдөгү мусулмандар арасында шал оорусуна каршы эмдөө жүргүзгөн дарыгерлерди өлтүргөндөргө каршы чыгууга чакырды. Өлкөнүн уламалар кеңешинин башчысы Тахир Ашрафинин айтымында, бүгүнкү жума намазы маалында 24 миңден ашык мечитте маркумдарга куран окулат.

Пакистанда акыркы жумада полиомиелит же шал илдетине каршы эмдөө жүргүзгөн 10 эмдөөчү өлтүрүлдү. Бул үчүн жоопкерчиликти диний "Жундулла" тобу алган эле. Алар шалга каршы эмдөөгө жамынып алып, программанын эмдөөчүлөрү Батыштын тыңчылары катары иштеп жатат деп айыптап чыгышкан. Бирок өлкөнүн муфтийи Ашрафи эмдөөчүлөр динге каршы коюу туура эмес экенин билдирип, аларды адамзат үчүн кызмат кылып жатып шейит кеткендер деп атады.

XS
SM
MD
LG