Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:45

Эчкили-Таштагы окуя боюнча тергөө аяктады


Бул тууралуу “Азаттыкка” Аскер прокуратурасынын тергөө башкармалыгынын башчысы Асылбек Малаев билдирди. Анын айтымында, кандуу окуя орун алган аскер бөлүктүн эки кызматкерине айып угузулду. Учурда алар айып менен таанышып жатышат. Жакынкы күндөрү иш сотко өткөрүлмөкчү.

Ушул жылдын август айында Ысык-Көлдүн Ак-Суу районундагы Эчкили-Таш бекетинде Балбай Кулбарак уулу аттуу чек арачы төрт кызматташын жана алардын биринин аялын атып өлтүргөн. Өзү эртеси колго түшүрүү учурунда окко учкан.(BkA\EBM)

XS
SM
MD
LG