Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:29

Алтайда ара жолдо калгандар Красноярскиге жетти


Кыргызстандын Новосибирск шаарындагы башкы консулдугунун атташеси Мээримбек Апышев жолоочулар кечээ, 20-декабрда кечинде Красноярск шаарына кетчү поездге отургузулганын “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, билетти Алтай, Новосибирск жана Красноярск шаарындагы кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү акча чогултуп сатып берди.

Бишкектен 12-декабрда чыккан, Новосибирск шаарына бараткан автобус бузулуп калып, 33 адам ара жолдо калган. Алар төрт күн бою Алтай крайынын Мамонтово районуна караштуу Луганск деген мектебинде баш калкалаган. Мектепке жайгаштырууга жана Алтайдан Барнаулга алып келүүгө Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жардам берген. Алардын 23ү кыргыз, ону казак жараны, арасында үч бала, 2 кош бойлуу келин жана эки пенсионер болгон. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG