Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:23

Жети-Өгүздө үч айыл санариптик байланышка туташты


Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Барскоон айылында орнотулган үч санариптик автоматтык телефон станциясы ачылды. Бул тууралуу «Азаттыкка» “Кумтөр” компаниясынын басма сөз катчысы Сергей Дедюхин билдирди. Анын айтымында, АТСтер Кыргызтелеком ачык акционердик коому тарабынан Барскоон, Тамга жана Тосор айылдарында орнотулду.

Жабдууну сатып алууга «Кумтөр» компаниясы жардам берген. Ал үчүн 75 миң доллар өлчөмүндө каражат бөлүнүп, калганын Кыргызтелеком ачык акционердик коому каржылаган.

"Үч айылдын тургундары эми телефон байланышынын кызматтары менен гана камсыз болбостон, интернет тармагына жетүүгө да мүмкүнчүлүк алып, санариптик телекөрсөтүүгө да кошула алышат" деп маалымдады Дедюхин. (MK)

XS
SM
MD
LG