Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:33

Орусия менен Евробиримдик талуу маселелерди талкуулайт


Орусия президенти Владимир Путин Брюссселде Евробиримдиктин лидерлери менен кездешет. Саммитте каралчу башкы тема – энергетика маселеси.

Биримдиктин энергетика рыногундагы атаандаштыкты колдоо мерчемине Орусия өкмөттүк “Газпром” компаниясына каршы багытталган деп нааразы. Орусия жарандарын Евробиримдик өлкөлөрүнө визасыз каттоо маселеси да жыйында талкууланчу негизги темалардын бири. Путин жана Биримдиктин лидерлери Сирия маселесинде да чапчышат деп боолголууда.

Батыш өлкөлөрүнүн Сириядагы согушту токтотуу үчүн президент Башар Асадга кысымды күчөтүү боюнча БУУнун Коопсуздук кеңешине киргизген сунушуна Москва каршы чыккан. Брюсселде Кремлдин саясий оппозицияга каршы кадамдары да сындалышы ыктымал.

XS
SM
MD
LG