Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:28

Расмуссен: Сирия армиясы козголоңчуларды ракетадан атууда


Cирия армиясы өкмөтко каршы күчтөрдү орто аралыкка жетчү Scud тибиндеги ракеталар менен аткылоону улантууда. НАТОнун баш катчысы Андерс Фог Расмуссендин билдиришинче, бул НАТОнун Сирияга коңшулаш Түркияга ракетадан коргоочу “Патриот” системасынын бир нече батареясын жайгаштыруусу туура болгонун көрсөтөт. Бир жума мурда Сирия армиясы Асаддын режимине каршы көтөрүлүш башталгандан берки акыркы эки жылда биринчи жолу CКАД тибиндеги ракета пайдаланганын АКШ жана НАТО маалымдаган. Дамаск бул кабарды калпка чыгарган. Маалыматтарга караганда, Сирияда химиялык дүрмөт менен заряддалчу согуштук ракеталары бар. Алардын ичинде мурдагы советтик SS-21 Scarab тактикалык ракеталары жана ядролук дүрмөт менен заряддоого мүмкүн Scud-B ракеталары да бар экени айтылат.

XS
SM
MD
LG