Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:42

Египетте исламчылар менен дүниябийлер кайра мушташты


Египет полициясы Александрия шаарындагы демонстранттардын мушташын токтотуу үчүн көздөн жаш агызчу газ колдонду. “Мусулман агайындар” менен дүниябий оппозициянын жактоочуларынын урушунда бир нече адам жарадар болгону кабарланды.

Чатак “Мусулман агайындардын” бир нече миң тарапкери жаңы Конституциянын долбоорун жактап, көчө жүрүш өткөрүп жатканда болду. Конституция боюнча референдумдун экинчи айлампасы 22-декабрда өтөт. Референдумдун 15-декабрдагы биринчи турунун расмий эмес жыйынтыгына караганда, Баш мыйзамдын жаңы долбоорун добуш берген адамдардын теңинен көбү жактырган.

Александрияда өткөн жумада Конституциянын жактоочулары жана каршылары ортосунда болгон тирешүүдөн улам молдолор 12 саат мечитте камалып отурушкан.

XS
SM
MD
LG