Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:35

Түнкү шамал аянттагы балатыны кулатты


Жаңы жыл майрамына карата коюлган Бишкектин борбордук аянтындагы балаты кулады. Бул тууралуу жерде жаткан балатыны көргөндөр социалдык тармактарда кызуу талкуулап жатышат. Учурда Бишкек шаардык мэриясынын кызматкерлери балатыны кайрадан тургузуп жатышканын “Азаттыктын” кабарчысы билдирди. Анын маалымдашынча, балаты түнкү саат экилер чамасында кулаган. Катуу шамалдан улам балатыны тиреп турган темирлер кыйшайып кеткен. Балаты жыгылган жерге шаар мэри Иса Өмүркулов келип кетти.

Кечинде болгон шамалдан улам борбордук аянттагы желек дагы жыртылган. Ал азыр алмаштырылды.

Ала-Тоо аянтындагы узундугу 23 метрлик балаты 13-декабрда орнотулган. 27-декабрда шаар мэринин катышуусу менен балаты майрамы өтөт. Кыргызстан боюнча эң бийик балаты азыр кайсы экени белгисиз. Анткени Ош шаарындагы балатынын бийиктиги 23-25 метр деп айтылууда.

Сүрөт баянды бул жерден, тасманы бул жерден көрүңүз. (AKu)

XS
SM
MD
LG