Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:51

Бүгүн энергетика тармагындагы кызматкерлердин кесиптик күнү


22-декабрь энергетика кызматкерлеринин күнү катары 1966-жылдан бери Советтер союзунда, андан кийин КМШ өлкөлөрүндө белгиленип келатат.

Буга байланыштуу Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков энергетика кызматкерлерин куттуктады. Анын куттуктоосунда, “Энергетика тармагынын биздин өлкө үчүн мааниси зор. Ал тургай Кыргызстандын энергетикалык тармагы өлкө экономикасынын күрөө тамыры, анын стратегиялык багыты болуп саналат... Кыргыз энергетикасы атаандыштыкты түзө алган, экологиялык талаптарга жооп берген, жаңы технологиянын стандарттарына таянып иш жүргүзгөн тармак болууга тийиш. Биздин мол тажрыйбага ээ салттуу энергетиктер мындай маанилүү милдеттин өтөсүнө чыга алат деп ишенебиз” деп жазылган.

Кыргызстанда бул тармак 1917-жылдан кийин пайда болгон. 1923-жылы биринчи жолу көчөлөргө жарык берилген. 1930-жылы үйлөр электр жарыгын алган. Кыргызстандын энергетика тармагы негизинен гидроэнергетикадан турат. Өлкөдө 17 ГЭС жана 2 энергетикалык жылытуу борборлору иштейт.

1970-80-жылдары Кыргызстан СССР чөлкөмүндө электр энергиясын кубаттуу өндүрүп турган. Азыркы электр жабдыктары ошол учурдан бери алмаштырылбаганы айтылып келет. Акыркы жылдарда өлкөдөгү колдонуучуларга электр жарыгы өз учурунда берилбей, бул тармак кризиске учурап, авариялык өчүрүүлөр маал-маалы менен болуп турат. (AKu)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG