Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:39

Караколдо үй-жайы жокторго жатакана уюштурулду


21-декабрда Караколдогу “Тазалык” муниципалдык ишканасынын бир бөлмөсү жылытылып, атайын төшөнчүлөр төшөлүп, суукта калган үй-жайсыздар киргизилди. Мындай маалыматты “Азаттыкка” Каракол шаар мэринин орун басары Көлбай Карасартов билдирди.

Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык социалдык коргоо башкармалыгы жана тартип сакчылары 19-20-декабрь күндөрү рейд жүргүзүп, жыйынтыгында көчөдө калган 24 адамды табышкан. Карасартовдун айтымында, алардын көбү эмгек курагындагы жарандар. Арасындагы балдар балдар үйүнө жайгаштырылды.

Декабрдын башынан 21-декабрга чейин Кыргызстан боюнча 24 адам суукка тоңуп каза тапты. (MK)

XS
SM
MD
LG