Бүгүн түшкү саат 13:30 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Ылай-Талаа айылдык округундагы Ылай-Талаа айылынын мектеп окуучуларын кар көчкү басып калды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Абдышарип Бекилов билдирди.
- Алдын-ала, болжолдуу маалыматтар боюнча, башкача айтканда дагы тактоону талап кылган маалыматка ылайык, кар көчкү 7 окуучуну басып, анын экөө каза болгон. Бир окуучу ооруканага жеткирилген, калган төрт баланы ата-энеси үйүнө алып кетти. Кар көчкүнүн болжолдуу көлөмү 150 метр кубду түзөт. Азыр маалыматтарды тактоо жана жеринде иликтөө иштери жүрүп жатат.
Маалыматка ылайык, окуучулар мектептен 1-2 чакырым алыстыкта Кызыл-Суу деген каналдын жанында, тоого чыгып, муз тээп жүрүшкөн. Айрым кабарларга караганда, набыт болгондордун экөө кыз, ооруканага эркек бала жеткирилген. Иликтөөлөр уланууда. (AKu)