Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:30

23-декабрда кар жаайт


23-декабрда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде түнкүсүн кар жаайт, ал эми күндүз ушул эле облустардын көпчүлүк аймагында кар жаашы мүмкүн. Ысык-Көл, Нарын облустарында түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз айрым райондорунда кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 14-метрге, Ысык-Көл акваториясында күндүз 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -5…0, түндүгүндө -7…-2, күндүз +1…+6, түндүгүндө -2…+3,
Талас облусунда түнкүсүн -5…0, күндүз -1…+4,
Баткенде түнкүсүн -6…-1, күндүз -1…+4 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -8…-3, күндүз -2 …+3
Ысык-Көлдө түнкүсүн -8…-3, Түп районунда -15…-10, күндүз -4…+1, Түп районунда -6...-1,
Нарында түнкүсүн -16…-11, күндүз -9…-4,
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -34…-29, күндүз -23…-18,
Тоолордо түнкүсүн -25…-20, ал эми күндүз -15…-10 градус болот.

Бишкекте түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз кар жаайт. Батыштан соккон шмаалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге чейин жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 0…+2 градус, күндүзгү жогорку температурасы +3…+5 градус болот.

XS
SM
MD
LG