Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:31

Ала-Арча дарыясы кайрадан нугунан ашты


Ала-Арча дарыясынын Ош базарынын жанындагы бөлүгүндө суу ташып жатат. Москва жана Кулуев көчөлөрүнүн кесилишиндеги көпүрөнүн жанынан суу нугунан ашып кеткен. “Азаттыктын” кабарчысы Бакыт Асанов билдиргендей, бир ветеринардык дарыкананы, бир чайкананы, бир коомдук даараткананы суу каптады.

- Ошол жерде турган машиналарды суу каптап жатат. Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов окуя болгон жерде жүрөт. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана милиция кызматкерлери иштеп жатышат. Маалымат боюнча адамдар жашаган турак жайларды суу каптаган жок. Бирок базарды каптоо коркунучу бар экен. Азыр базарга кетчү тарапты тосуп, муз тоңгон каналды ачканга аракет кылып жатышат.

Болжол менен каптаган суунун тереңдиги 15-20 сантиметр.

Көпүрөнүн алдында муз тоңуп калгандыктан жана суу көбүрөөк болуп жаткандыктан дарыя ташып кетүүдө. 3-4 күн мурун ушул эле райондо Рыскулов көчөсүндөгү көпүрөдөн суу ашып, 10 үй-бүлө жабыр тарткан. Айрымдар үйүнөн чыгып кетип, кайра келишкен. Ош базарында соода кылгандардын айрымдары товарларын алып кетишкен, иштеп жаткандары бүгүн кайра базардан кетип жатышат. (BkA/AKu)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG