Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:16

Кара-Кулжада кар көчкү баскан балдардын саны 8ге жетти


Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Ылай-Талаа айылында кар көчкүнүн алдында калгандардын саны 8ге жетти. Мындай маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Абдышарип Бекилов билдирди.

Буга чейин айтылгандай, тоодо 7 окуучу эмес, 24 окуучу муз тээп жүрүшкөн. Баары 9-класстын окуучулары. Көчкүдө калган 8 баладан 2 кыз каза болду, 2 бала ооруканага жеткирилди, калгандары үйүндө.

Көчкү болгон жерде жүргөн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлеринин айтымында, окуучулар бүгүн каникулга тараган. Мектептин маңдай тарабында 1-2 чакырым алыс жердеги тоонун бооруна барып жылгаяк тебишкен. Көчкөн кар балдарды каналга басып калган. (AKu)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG