Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:37

Нурак Абдрахмановдун концерти өтүп жатат


Бүгүн Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда Кыргыз эл артисти, композитор, комузчу, дастанчы Нурак Абдрахмановдун мааракелик концерти өтүп жатат. Ага комузчунун шакирттери, дастанчылар, фольклордук ансамбль, бий топтору катышууда. Концертте Нурак Абдрахмановдун комузда ойноону үйрөтүүнүн автордук усулунун жыйынтыгы көргөзүлөт.

Нурак Абдрахманов ЮНЕСКОнун “Салттуу музыканы сактоого кошкон салымы үчүн” деген номинациясынын лауреаты, бир нече эл аралык сынактардын жана фестивалдардын жеңүүчүсү, комузда ойноону үйрөтүү боюнча автордук усулу мектептеги программага киргизилген. (AKu)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG