Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:18

Бишкекте чатырдан түшкөн муздан машине жабыркады


Бишкек шаарындагы Чүй жана Манас көчөлөрүнүн кесилишинде, филармониянын сол капталында, аялдаманын артында жайгашкан көп кабаттуу үйдүн алдындагы жеңил машиненин үстүнө муз түштү. Бул тууралуу “Азаттыкка” жабыркаган жеңил машиненин ээси Нурлан Чумодоев билдирди.

Анын айтымында, ал үйдүн алдынан унаасын буруп жатканда көп кабаттуу үйдүн чатырынан муз түшкөн. Машиненин ичинде бир жүргүнчү бар болчу. Машинанын алдыңкы айнеги сынгандыктан айдоочу менен жүргүнчү жаракат алган. Экөөнө тең медициналык жардам көрсөтүлдү.

Машиненин ээси Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылды. Нурлан Чумодоев муздар учурунда тазаланбаган үчүн машинесине зыян келтирилгендиктен шаардын муниципалдык кызматтарын күнөөлүү деп эсептейт. (ZB/AKu)

XS
SM
MD
LG