Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:28

Хамид Карзай Ооганстандагы коррупция үчүн чет өлкөлөрдү айыптады


Ооган президенти Хамид Карзай Ооганстандагы коррупция үчүн чет өлкөлөрдүн өкмөттөрүн айыптап, "алар мыйзам үстөмдүгүн орнотуу аракеттерине көлөкө түшүрүп жатышат" деп доомат артты.

Телекайрылуусунда президент жергиликтүү чиновниктердин пара алуусун чет өлкөлүктөрдүн шектүү долбоорлор үчүн төлөгөн миллиондогон доллар акча менен салыштырып болбойт деп билдирди. Карзай анын өкмөтү коррупция менен күрөшүүдө чоң ийгиликке жетишкенин белгиледи.

Эл аралык донорлор алардын Ооганстанды стабилдештирүү аракеттерине кеңири жайылган паракорлук жана бийликтин андай иштерге малынган саясий өнөктөштөрүн жазала албай жатышы тоскоолдук түзүүдө дешет.

XS
SM
MD
LG