Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:00

Египет: Референдумдун расмий жыйынтыгы чыга элек


Бирок бул аралыкта “Мусулман агайындар” кыймылы референдумда жаңы Баш мыйзам кабыл алынды деп маалымдоодо. Аталган кыймыл сайтына жайгаштырган маалыматка ылайык, добуш берген египеттиктердин 70% жаңы Баш мыйзамга “ооба” деп беришкен. Ал эми оппозициялык Улуттук куткаруу фронту референдумда добуш берүү учурунда мыйзам бузуулар болгонун бекемдеп, бирок референдумдун натыйжасына каршы чыкпай турганын билдирүүдө.

22-декабрда Египетте шариятка негизделген жаңы Баш мыйзамга добуш берүүнүн экинчи жана жыйынтыктоочу айлампасы болду. Референдумдагы добуш берүүнүн жыйынтыгы расмий чыга элек.

Ал арада Египеттин президенти Мухамед Мурси Конституциянын кабыл алынышы –өлкөнүн демократияга өтүүсү үчүн маанилүү деп бекемдөөдө. Ал эми оппозиция жаңы Баш мыйзамда аялдардын жана азчылыктардын укугу каралган эмес деп билдирип келет.

XS
SM
MD
LG