Линктер

шаршемби, 29-март, 2017 Бишкек убактысы 23:44

Пакистанда кечээки жардыруудан набыт болгондордун саны 9 кишиге жетти


Жанкечти бомбасын Хибер Пахтунква чөлкөмүн башкарган Авами Улуттук партиясынын курултайы өтүп жаткан кезде жардырган. Өлгөндөрдүн арасында аймактык өкмөттүн министри Башир Билур да бар. Айрым маалыматтарга караганда, кол салуунун бутасы дал ошол саясатчы болчу. Жарадар болгон 17 кишинин үчөө азыр оор абалда ооруканада жатат. Жардыруу үчүн жоопкерчиликти өзүнө Пакистандагы "Талибан" кыймылы алды. Алардын өкүлү билдиргендей, жанкечтилерден турган топ “секулярчыл жана анти-исламчыл” саясатчыларды жок кылууну көздөйт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG