Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:19

Италиянын президенти парламентти таркатты


Анын алдында премьер-министр Марио Монти отставкага кеткенин жарыялаган. Президенттин кеңсеси маалымдагандай, Жоржио Наполитано саясатчылар менен кеңешме өткөрүп, тиешелүү буйрукка кол койду. Монтинин кызмат мөөнөтү бир нече айдан кийин аяктамак, бирок анын өкмөтү экс-премьер Силвио Берлусконинин партиясынын колдоосунан ажырап калды. Эрте парламенттик шайлоо болжолу менен 24-февралда өтөт. Ал эми Монтинин өкмөт башчылык үчүн ат салышып-салышпасы азырынча белгисиз. Берлускони болсо бир нече күн мурун саясатка кайтып келээрин жарыялап, 7-ирет премьерликке талаптанаарын билдирген.

XS
SM
MD
LG