Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:48

Кара деңизде мунай кендин жумушчулары иш таштоону улантышты


Деңиз жээгиндеги Куляви мунай кенинин жумушчулары айлык акыларын көбөйтүү жана мурдараак иштен айдалган жети жумушчуну ордуна коюу талабы менен эки күн мурун башталган акцияны улантышууда. 200дөн ашуун жумушчу өздөрүнүн айлык акылары чет өлкөлүк жумушчулар алган айлыкка теңелүүсү зарыл деп эсептешет.

Куляви мунай кенине Азербайжандын мамлекеттик мунай корпорациясы ээлик кылат, корпорация мунайды деңиз аркылуу ташып сатууга жетишүү үчүн 350 млн. доллар сарптаган. Кендин жумушчулары эскертүү иретинде бир жарым ай мурун да иш ташташкан эле.

XS
SM
MD
LG