Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:27

“Датка-Кемин” 2,5 жылда бүткөрүлөт


“Датка-Кемин” жогорку чыңалуудагы электр зымын тартуу иши эки жарым жылда бүткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн жыл жыйынтыгы боюнча өтүп жаткан маалымат жыйында президент Алмазбек Атамбаев билдирди.

"Президенттик мөөнөтүм бүткүчө экономикалык маселелердин баарын чечип кетем. Энергетика тармагы бир топ жылдар бою тешилип бүткөн. Анын баарын бир жылда бүтөө мүмкүн эмес", - деп билдирди мамлекет башчы.

Атамбаев ошондой эле келерки жылы Кыргызстанда газ маселеси толук чечилээрин, ал эми электр энергиясы менен камсыз кылуу жагында проблемалар болоорун кошумчалады. (EBM/RK)

XS
SM
MD
LG