Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:56

Бишкекте наристе эже-сиңди иске ууланып чарчап калды


Бишкектин четиндеги Калыс-Ордо жаңы конушунда эки наристе иске ууланып чарчап калды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев билдирди.

Анын айтымында, 22-декабрда аталган жаңы конушта курулушу чала бүткөн үйлөрдүн биринде үч жана төрт жаштагы эки кыздын сөөгү табылган. Ошол эле жерде алардын чала жан энеси жаткан. Милициянын пикиринде, алар изге ууланып калган. Эки кызынан ажыраган келин азыр ооруканада, абалы дагы эле оор дейт Эрнис Осмонбаев:

Квартирада жашашчу экен. Келин өзү Нарындан келиптир, күйөөсү менен ажырашып, эки кызы менен жашачу. "Буржуйка" мешине отту чоң жагып коюп жатышкан экен. Мештин оозу да жакшы жабылчу эмес экен. Таң атканча түтүн чыга берип, ошол жерден эле ууланып калышыптыр. (RK)

XS
SM
MD
LG