Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:38
Мындай пикирин Алмазбек Атамбаев бүгүн Бишкекте жыл жыйынтыгына арналган басма сөз жыйында айтты:

- Жок дегенде өзбүздүн масхабыбызды сактап калуу керек болуп турат. Биз ханафитбиз. Ханафит масхабын сактап калсак, Кыргызстанды сактап калабыз. Динге тиешебиз жок, диндин бизге тиешеси жок деп туруп алсак, аягы бир балээ менен бүткөнү турат. Анткени дин чөйрөсүн көрүп жатабыз, 4-5ке бөлүнүп жатышат. Арасында Кыргызстанды ойлогону да, ойлобогону да бар.

Бул кыргыз президентинин диний чөйрөдөгү кырдаал боюнча көз -карашын коомчулукка алгач ирет ачык айтышы болду.

Алмазбек Атамбаев кошумчалагандай, ал өлкөдөгү дин эркиндигин колдойт. Бирок учурдагы кырдаалды тескөө үчүн алдыда сунуштар даярдалат. Тиешелүү мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG