Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:07

Орусия менен Индия 3 млрд. доллардык аскерий келишим түздү


Президент Владимир Путиндин Нью-Делидеги бүгүнкү иш сапары учурунда кол коюлган эки келишимге ылайык, Орусия Индияга үч миллиард долларга аскерий тик учак жана аскерий учактарды сатат.

Орус президентинин Нью-Делидеги сапары учурунда Орусия менен Индия соода, энергия, технология боюнча келишимге кол коюлат деп күтүлгөн.

Индия курал-жарактын көбүн азыр деле Орусиядан сатып алат. Бирок соңку кездери бир нече миллиард доллардык айрым контракттарды батыштык атаандаштарына алдырып жиберди. (UE)

XS
SM
MD
LG