Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:50

Египет: референдумдун жыйынтыгын жарыялоо кечеңдеши мүмкүн


Добуштар саналып жаткан учур. Каир, 22-декабрь, 2012-жыл.

Добуштар саналып жаткан учур. Каир, 22-декабрь, 2012-жыл.

Өлкөнүн соттору Конституция боюнча референдумдун расмий жыйынтыгын чыгаруудан мурун добуш берүүнүн жүрүшүндөгү мыйзам бузуулар боюнча арыз -даттанууларды иликтөөдө. Андыктан референдумдун бүгүн күтүлгөн расмий жыйынтыгын жарыялоо кечеңдеши мүмкүн.

Египеттин Баш мыйзамынын талаштуу жаңы долбоору исламчылар басымдуулук кылган ассамблея тарабынан даярдалып, аны президент Мохаммед Мурси референдумга шашылыш алып чыкты.

Оппоненттер Баш мыйзам абдан эле исламчыл болуп калганын жүйө тартышып, эки айлампа менен өткөн референдумдагы мыйзам бузуулар толук иликтенишин талап кылышууда.

Президент Мурсинин “Мусулман агаиндер” кыймылынын бейрасмий эсебине караганда, Баш мыйзамдын долбоорун добуш бергендердин 64% колдоду.

Референдумга Египеттин 51 миллион шайлоочусунун үчтөн бир бөлүгү эле катышкан.

Оппозиция да ушундай эле сандарды айтып, бирок референдум олуттуу мыйзам бузуулар менен өткөнүн билдирүүдө. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG