Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:15

Билим берүү министрлиги окуучуларды каникулга таратууну талап кылууда


Билим берүү министрлиги мындай кат менен Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгына кайрылды. Катта бир күн ичинде министрликтин кышкы каникул тууралуу буйругун ишке ашыруу талап кылынган.

Мурда кабарлангандай, Билим берүү жана илим министрлиги Санитардык-эпидемиологиялык башкармалыктын балдар арасында суукка урунган, сасык тумоо менен ооруган учурлар арбыганы тууралуу корутундусуна ылайык, мектеп окуучуларын 24-декабрдан тарта каникулга таратууну буйруган. Ал эми шаар мэриясына караштуу билим берүү башкармалыгы борбор калаадагы мектептерге жылуулук үзгүлтүксүз берилип жатканын жүйө кармап, кышкы каникул 31-декабрда башталарын билдирип, 24-декабрда мектептерде сабак уланды. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG