Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:03

Орусияда бийликтин сынчысы үстүнөн үчүнчү кылмыш иши ачылды


Навальный Москвадагы жүрүш учурунда. 27-октябрь, 2012-жыл.

Навальный Москвадагы жүрүш учурунда. 27-октябрь, 2012-жыл.

Өлкөнүн тергөө комитетинин кечээги жарыясына караганда, Алексей Навальный эми 2007-жылы үч миллион долларды өзүнө ыйгарып алган деп айыпталууда.

Тергөөчүлөрдүн ырастоосунда, Навальный бул акчаны кезинде өзү мүчө болгон Оңчул күчтөр союзу саясий партиясынан жасалма фирма түзүү аркылуу чыгарып кеткен. Навальный бул жаңы айыптоону “абсурд” деп атады.

Саясий партиядан акча уурдалбаганын Оңчул күчтөр союзунун мурдагы жогорку даражалуу өкүлү да билдирди.

36 жаштагы адвокат жана антикоррупциялык блоггер Алексей Навальный - президент Путинге каршы Орусияда акыркы бир жылдан бери утур-утур өтүп келаткан нааразылык акцияларындагы лидерлердин бири.

Анын үстүнөн буга дейре эки кылмыш иши ачылган. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG