"Азаттыктын" спорт баяндамачысы Кабыл Макеш 2012-жылдагы мыкты кабарчылардын бири деп аталды. Кечээ Дене тарбия жана спорт агенттиги жыл жыйынтыгын чыгарган салтанаттуу жыйын өткөрүп, мыктыларга сыйлык жана белектерди тапшырды. Мыкты спортчулар жана алардын машыктыруучулары, майып жана ардагер спортчулар, судьялар аныкталды. "Азаттыктын" жалпы жамааты Кабыл Макешти куттуктайт жана чыгармачылык ийгилик каалайт. (RK)