Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:50

Бишкекте суу каптаган жерлерди тазалоо уланууда


Бишкек шаарында мындан он күн мурдагы суу каптоонун кесепетин жоюу иштери бүгүн да уланууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Абдишарип Бекиловдун "Азаттыкка" айтымында, кечээ Чүй көчөсүнөн Токтогул көчөсүнө жана Чоң Чүй каналына чейинки аралыкта тазалоо иштери жүрдү. Тиешелүү техника тартылууда.

Ала-Арча дарыясы 15-декабрда тоңуп отуруп аккан суу көтөрүлүп, жээкте жайгашкан үйлөрдү каптап кеткен. Айрым үйлөрдүн тургундары убактылуу башка жерге жайгаштырылган. Адам өмүрүнө зыян тийген жок. (RK)

XS
SM
MD
LG